Бүгүн, 1-июнда балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Ата-энелер баланын жашаган жерине карабастан, бош орундар калган каалаган мектепти тандап балдарын каттай алышат.
Арызды онлайн түрүндө 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу, ошондой эле «Түндүк» тиркемеси, MegaPay жана айрым банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу тапшырууга болот.
Каттоо толугу менен электрондук форматта жүргүзүлөт. Документтерди мектепке жеке алып баруунун зарылдыгы жок.
Эске салсак, быйыл 1-класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат. Каттоонун биринчи этабында 74 миң бала катталды. Дагы 118 миң бош орун бар.



