Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата милиция кызматкерлери бөбөктөр үчүн өзгөчө акция уюштурушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында милиция кызматкери жумшак оюнчуктарды атайын кокусунан түшүрүп жаткандай түр көрсөтүп, балдардын ак ниеттүүлүгүн текшерди. Оюнчуктарды көтөрүп алган бөбөктөр аларды ээсине кайтарып берүүгө шашылышкан. Бирок алардын чынчылдыгы жана боорукерлиги күтүлбөгөн белек менен сыйланып, оюнчуктар өздөрүнө белекке берилди.
“Балдардын кубанычтуу күлкүсү, чын жүрөктөн чыккан эмоциялары жана бактылуу жүздөрү майрамдын көркүн ачты. Анткени кичинекейлер үчүн көңүл буруу, камкордук жана жакшылык эң баалуу эстелик болуп кала берет”, – деп айтылат маалыматта.



