Башкы беткеКоомБишкекте “Чунь Мяо” 20-кайрымдуулук акциясы балдар үйлөрүнө жардам көрсөттү

Бишкекте “Чунь Мяо” 20-кайрымдуулук акциясы балдар үйлөрүнө жардам көрсөттү

Бишкекте “Чунь Мяо” (“Жазгы бүчүр”) коомдук демилгесинин алкагында кайрымдуулук акциясы өттү. Иш-чара кытайлык бизнес коомчулугу тарабынан уюштурулуп, үч балдар үйүнө, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген мекемеге да жардам берилди.

Маалыматка ылайык, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштуруучулар даректүү жардам көрсөтүү максатында керектүү буюмдардын тизмесин мекемелердин жетекчилиги менен алдын ала макулдашышкан. Шопоков шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө, Токмок шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча республикалык адистештирилген борборго, ошондой эле Аламүдүн районундагы балдар үйүнө кондиционерлер, муздаткычтар, пардалар, электр шаймандары жана имараттарды оңдоого шифер сатып алынып берилди. Мындан тышкары, тарбиялануучуларга көп сандагы кеңсе товарлары, азык-түлүк, балдардын төшөнчү жабдыктары жана жаңы жемиштер тапшырылды.

Жүктү тапшыруу аземине Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-өкүлү Сунь Дапэн, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин бөлүм башчысы Айдай Адылбекова, Шопоков шаарынын мэри Жакыпбек Субагожоев, Шопоков шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн балдар үйүнүн директору Атай Коробаев, ошондой эле кытайлык бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

“Чунь Мяо” (“Жазгы бүчүр”) кайрымдуулук демилгеси Кыргызстанда 20 жылдан бери ишке ашырылып келет. Бул убакыт аралыгында анын географиясы Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарына жана Талас облусунун Манас районуна чейин кеңейди. Долбоор ишке ашырылган жылдар аралыгында 4 миңден ашуун адам жардам алды. Алардын катарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер, майыптар коомдору жана адистештирилген балдар мекемелери бар.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар