Башкы беткеДүйнөЕвропада дагы бир эң узун түз темир жол каттамы ишке кирет

Европада дагы бир эң узун түз темир жол каттамы ишке кирет

Европада саякаттоону жеңилдеткен жаңы эл аралык темир жол каттамы 25-июндан тартып иштей баштайт. Чехиянын жеке темир жол оператору Leo Express узундугу 1300 чакырымдан ашкан жаңы маршрутту ишке киргизип, Батыш жана Чыгыш Европаны түз байланыштырат.

Жаңы каттам Польшанын Украина менен чектешкен Пшемысль шаарынан башталып, Краков, Острава, Прага, Дрезден, Лейпциг жана Эрфурт аркылуу өтүп, Германиянын Франкфурт-на-Майн шаарында жана Франкфурт аэропортунда аяктайт.

Поезд күн сайын эки багытта каттайт.  Leo Express компаниясынын башкы директору Петер Кёлер жаңы маршрут Батыш менен Чыгыш Европанын ортосундагы байланыштарды бекемдеп, Украинага жетүүнү дагы жеңилдете турганын белгиледи.

Маалыматка ылайык, айрым каттамдар боюнча билеттердин баасы 10 евродон башталат. Жаңы маршрут Европадагы эң узак түз темир жол байланыштарынын бири катары бааланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар