Башкы беткеКоомVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын откөрүүгө мамлекет 336 миллион сом бөлгөн

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын откөрүүгө мамлекет 336 миллион сом бөлгөн

Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 61 миллион 300 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Улукбек Өмүрбеков билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтө турган ири спорттук иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 336 миллион сом бөлүнгөн. Спорттук бөлүктүн бюджети 334,2 миллион сом болуп аныкталган. Бул каражат катышуучуларды жайгаштыруу жана тамак-аш менен камсыздоо, спорттук форма жана жабдууларды даярдоо, спортчуларды машыктыруу, тандоо мелдештерин жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө жумшалат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары «Күч бирдикте! Рух бирдикте!» деген ураан алдында өтөт. Мелдештин программасына жалпысынан 43 спорт түрү киргизилген. Анын 20сы кыргыз элинин улуттук спорт түрлөрү болуп саналат. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, оюндарга дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн 3 миңден ашуун спортчу катышат. Алар улуттук күрөш, ат оюндары, жаа атуу жана башка көчмөн элдердин салттуу спорт түрлөрү боюнча күч сынашат.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биринчи жолу 2014-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө бул мелдеш көчмөн элдердин маданий мурасын жана улуттук спортун дүйнөгө тааныткан ири эл аралык долбоорго айланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар