Башкы беткеМинистрлер кабинетиЭрлист Акунбеков Суу ресурстары кызматына 14 мобилдик устакананы тапшырды

Эрлист Акунбеков Суу ресурстары кызматына 14 мобилдик устакананы тапшырды

Бүгүн, 1-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Суу ресурстары кызматына ирригациялык инфраструктураны тейлөө үчүн 14 мобилдик устакананы тапшырды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, техника Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу» долбоорунун алкагында берилди.

Мобилдик устаканалар гидротехникалык объектилерде оңдоо иштерин ыкчам жүргүзүүгө жана ирригациялык системаларды эксплуатациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Министр белгилегендей, суу чарба уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жаңылоо агрардык тармакты суу ресурстары менен ишенимдүү камсыздоого жана өлкөнүн ирригациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар