Башкы беткеКоом«Бала ырысы» жөлөк пулун алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?

«Бала ырысы» жөлөк пулун алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?

Кыргызстанда 1-июлдан тартып үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулун дайындоо жана төлөө боюнча документтерди кабыл алуу башталат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, жөлөк пулду тариздөө үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • ата-энесинин же кайрылуучунун ЖИНи (ПИН) көрсөтүлгөн паспортунун көчүрмөсү;
  • баланын ЖИНи көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  • өзгөчө макамга ээ чек ара аймактарында, бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда жашагандар үчүн «Санарип аймак» системасындагы жашаган жери боюнча каттоо маалыматы;
  • эгер бала чет мамлекеттин документтерине ээ болсо, анын Кыргыз Республикасынын паспорту же Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган маалымкат.

Эгерде арыз мыйзамдуу өкүл же ишенимдүү адам аркылуу берилсе, кошумча түрдө төмөнкү документтер талап кылынат:

  • өкүлдүн паспорту;
  • мыйзам чегинде таризделген ишеним кат;
  • балага мыйзамдуу өкүл дайындоо жөнүндө соттун чечими.

Белгилей кетсек, «Бала ырысы» жөлөк пулу үч жашка чейинки бардык балдарга дайындалып, анын өлчөмү ай сайын 1200 сомду түзөт. Жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан төлөнөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар