Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Ош шаарында өткөрүлгөн «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» аттуу медиа долбоордун негизинде, аймактагы социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты.
Иш сапарынын алкагында алгач «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун дайындоо жана төлөө маселелерине арналган жыйын өткөрүлдү. Анда жаңы социалдык демилгени ишке ашыруу механизмдери, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапаты талкууланды. Улан Маматканов тиешелүү мекемелерге жөлөк пулду өз убагында жана үзгүлтүксүз жеткирүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Андан соң, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Т.Сатылганов атындагы эс алуу паркында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чарага катышып, өлкөдөгү 2 миллион 715 миң баланы майрамы менен куттуктады.
Иш сапардын жүрүшүндө Улан Маматканов 1200 орундуу С.Жигитов атындагы №2 орто мектептин курулуш иштерин текшерип, долбоорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле Ош шаардык клиникалык ооруканасында болуп, медициналык мекеменин иши жана курулуп жаткан 300 орундуу жаңы корпус менен таанышты.
Медиа-долбоордун алкагында социалдык контракт программасынын катышуучуларынын ишмердүүлүгү да көрсөтүлдү. Анын негизинде 150 миң сом мамлекеттик колдоо алган Ош шаарынын тургуну тигүү өндүрүшүн өнүктүрүп жатканын маалымдады.
Иш сапарынын соңунда Улан Маматканов Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында болуп, калкка көрсөтүлүп жаткан социалдык кызматтар жана жарандарды колдоо механизмдери менен таанышты.
![]()



