Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖээнбек Кулубаев БУУдагы дебаттарда ортомчулуктун жана тынчтык диалогунун маанисин белгиледи

Жээнбек Кулубаев БУУдагы дебаттарда ортомчулуктун жана тынчтык диалогунун маанисин белгиледи

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында өткөн «Талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүдө, чыр-чатактардын алдын алууда жана жөнгө салууда ортомчулуктун ролу» аттуу дебаттарда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр өз сөзүндө коопсуздукту чыңдоо боюнча аймактык аракеттерге токтолуп, Борбордук Азия мамлекеттеринин чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуудагы тарыхый жетишкендиктерин айтты. Анын белгилөөсүндө, БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан «Чек арага байланыштуу талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү» резолюциясынын бир добуштан кабыл алынышы аймак өлкөлөрүнүн бул багыттагы ийгиликтеринин эл аралык деңгээлде таанылганын көрсөтөт.

Уюмдун жогорку трибунасынан сүйлөгөн Жээнбек Кулубаев Кыргызстан тынчтыкты, өз ара ишенимди жана кызматташууну чыңдоо максатында бардык мүчө мамлекеттер менен кызматташууга даяр экенин ырастады.

Ошондой эле министр Кыргызстан бул багытта олуттуу практикалык тажрыйба топтогонун белгилеп, өлкө аймакта кеңири колдоого алынган конкреттүү демилгелерди жана иш-аракеттер программаларын сунуштап жатканын билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар