2026-жылдын 1-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги «Курулуш объекттерин ишке ашырууда аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө» буйрукту күчүнө киргизди.
Жаңы документ шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатууга, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле калктуу конуштарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган.
Министр Нурдан Орунтаев кол койгон буйрукка ылайык, көп кабаттуу турак үйлөрдү, коомдук, административдик, коммерциялык жана өндүрүштүк объекттерди курууда куруучулар айлана-тегеректи көрктөндүрүү боюнча бир катар иштерди милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.
Алардын катарына:
- кирүүчү жана ички жолдорду куруу;
- тротуарларды жана жөө адамдар өтүүчү жолдорду уюштуруу;
- унаа токтотуучу жайларды түзүү;
- тышкы жарыктандыруу системаларын орнотуу;
- жаан-чачын жана жер үстүндөгү сууларды агызуу системаларын куруу;
- жашылдандыруу иштерин жүргүзүү;
- объекттин толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон инфраструктуралык элементтерди камсыз кылуу;
- оор техникалардан улам бузулган жолдорду калыбына келтирүү;
- курулуш маалында жөө жүргүнчүлөр жана жакынкы тургундар үчүн жаралган ыңгайсыздыктарды азайтуу чараларын көрүү кирет.
Документте аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Көрктөндүрүү иштери курулуш жүргүзүлүп жаткан жер тилкесинин чегинде гана эмес, зарыл болгон учурда ага чектеш аймактарды да камтууга тийиш.
Мындан ары долбоордук документтерди кароодо Шаар куруу жана архитектура департаменти көрктөндүрүү боюнча каралган иш-чаралардын толуктугун милдеттүү түрдө текшерет. Ал эми Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти бул иштердин сапатына жана өз убагында аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы талаптар курулуш долбоорлорунун сапатын жогорулатып, шаарлардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүгө өбөлгө болот.



