ККПнин XVIII съездинен тарта мамлекеттик башкаруу процессинде жакырчылыкты жоюу үчүн чечкиндүү күрөш өзгөчө орунга коюлуп, бул күрөш орто бардар коомду ар тараптуу курууда баштапкы маселе катары каралып келген
Жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекет, калкынын саны 1.4 миллиарддан ашуун, жер аймагы абдан чоң, анын көпчүлүк бөлүгү абсолюттук жакыр абалда болгондугуна карабай кыска убакытта жакырчылыкты жоюу боюнча чечкиндүү күрөштө толук жеңишке жетишип жатканы таң калтырбай койбойт. Мындай масш-табдуу жана ырааттуу иш-аракеттерге экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн дагы дарманы жетпей тургандыгы айдан ачык.
Жакырлык – бул маңдайга жазылган тагдыр эместигин Кытай бүткүл дүйнөгө далилдей алды. Жакырчылык менен күрөшүүдөгү Кытайдын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн дагы зор мааниге ээ.
Жакырчылык менен күрөшүүнүн кытай модели көйгөйгө карата бир бүтүндүктө (интегралдык мүнөздө) мамилеге жана өкмөт, рынок, социалдык уюмдар жана коомдогу башка субъектилердин биргеликте катышуусуна негизделген.
Жакырчылык менен күрөшүүдөгү бир бүтүндүктөгү мамиле кедей жарандарды колдоонун мамлекеттик жеке-субъектилүү моделин көп-субъектилүү моделге алмаштырууга мүмкүнчүлүк берди. Бул өз кезегинде, масштабдуулукка умтулуудан, көбүртүп-жабыртылган көрсөткүчтөрдүн артынан түшүүдөн, жергиликтүү өзгөчөлүктөргө көз жумуудан куткарды; экинчиден, стратегиядан четтеп кетүү жана фактыларды жасалмалоо мүмкүнчүлүгүн жок кылды; үчүнчүдөн, коомдогу бардык катмарлардын жана түзүмдөрдүн кеңири катышуусуна жана жаңы ресурстардын жеткилең болуусуна жол ачты; төртүнчүдөн жакырчылык менен күрөшүүдөгү даректүүлүктү камсыз кылуудагы кесипкөйлүктүн, тактыктын жана натыйжалуулуктун деңгээлинин жогорулашына алып келди.
Мындай моделди дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болсо дагы турмушка ашыруу-га болот, бирок ал үчүн ошол өлкөнүн реалдуу шарттарын эске алуу, туура багытты тандоо, бекем эркти көрсөтүү жана системдүү иш-аракеттерди мамлекеттик деңгээлде уюштуруу талап кылынат. Си Цзиньпиндин сөзү менен айтканда: “…бул өтө маанилүү көйгөйдү чечүү үчүн духтун бекемдиги, ниеттин түздүгү жана иш-аракеттин ырааттуулугу зарыл”.
Ушул жагдай боюнча Си Цзиньпин: “Биз өлкөбүздүн реалдуу шарттарын эске алдык, калктын жакырчылыктан кутулуусундагы мыйзам ченемдүүлүктөрдү талдап чыктык, бир катар саясий чараларды жарыяладык, натыйжалуу саясий жолдомолордун, жумушчу түзүмдөрдүн жана институционалдык механизмдердин бүтүндөй комплексин калыптандырдык, ошону менен жакырчылыкты кыскартуунун кытай өзгөчөлүгүндөгү жолун чаптык, жакырчылык менен күрөшүүнүн кытай өзгөчөлүгүндөгү теориясын жараттык” – деп айткан.
Кытайдагы жакырчылыкты ыкчамдык менен жоюу үч тараптын – өкмөттүн, рыноктун жана коомдун – күч-аракеттерин бириктирүүгө таянган. Бул бардык тараптардын активдүүлүгүн мобилизациялоого, биргеликте күч-аракет жумшоо боюнча рынок менен коомго багыт берүүгө, ошондой эле коомдун жалпы катышуусу менен жакырчылыкты ыкчамдык менен жоюунун схемалык түзүлүшүн жаратууга мүмкүнчүлүк ачты.
Иштин мындай натыйжалуулугу үч компоненттин ар бири белгилүү ченемдеги артыкчылыктарга жана ресурстарга ээ болгондугу, ошону менен бирге жакырчылык менен күрөшүүдө ар бири өз ролун аткаргандыгы менен камсыз кылынган.
Биринчиси, Өкмөт саясат жана уюштуруучулук жагынан артыкчылыктарга жана бийликке ээ. Өкмөт: биринчиден, өлкөнүн жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясын иштеп чыгат, анын турмушка ашуусуна өбөлгө түзөт, калктын муктаж катмарларын колдоо жана калктын кирешелеринин өсүшүн камсыз кылуу үчүн макро-чөйрө түзөт; экинчиден, социалдык саясат системасын өркүндөтөт, калктын муктаж катмарларынын бакубаттуулук деңгээлин жана алардын ар кандай социалдык тобокелдиктерге карата туруктуулугун жогорулатат; үчүнчүдөн, жакырчылыкты кыскартуунун максаттуу стратегиясын турмушка ашырат, төртүнчүдөн, рынок субъектилери менен коомдук уюмдардын жакырчылык менен күрөшүүсүнө колдоо көрсөтөт; бешинчиден, күрөшүү жараянына жалпы жетекчилик кылат жана колдоо көрсөтөт.
Экинчиси, капитал, технологиялар жана маалымат өңүтүнөн көз салганда рынок табигый артыкчылыктарга ээ, ошондуктан өнүгүү долбоорлоруна акча каражатын, адистерди жана өндүрүш жабдууларын берүү менен жакыр аймактарга жигердүү колдоо көрсөтө алат. Рынок субъектилери каржылык жана материалдык-техникалык колдоо көрсөтүү аркылуу кедей кыштактар жана чабал чарбалар менен өнөктөштүк мамиле түзүп, аларга жумуш менен камсыз кылууда, окутуп-үйрөтүүдө жана өндүрүлгөн продукцияны сатып-өткөрүүдө көмөк көрсөтө алышат.
Үчүнчүсү, социалдык уюмдар калктын жакыр катмарларын мобилизациялоодо, ар түрдүү өз-жардам топторун социалдык кызматкерлердин командаларын түзүүдө жана алардын ишин жолго коюуда адистик көндүмдөргө ээ болушат. Кадрлар өңүтүнөн караганда социалдык уюмдардын артыкчылыктары бар, ошондуктан алар руханий жакырчылык сыяктуу багыттарда кесипкөйлүк менен, так жана ийкемдүү иш алып бара алышат, жакырларга психологиялык консультацияларды берип, моралдык колдоо көрсөтүп, алардын коомдогу өз ара мамилелерди жөндөөсүнө, өз потенциалын жогорулатуусуна, турмушта ишенимдүү болуусуна, өзүн-өзү өстүрүү жөндөмүн калыптанды-руусуна, учурдагы коомго аралашып-сиңип кетүүсүнө жардам бере алышат.
Сырттан жардам берүү менен жакырчылыктын көйгөйүн чечүүгө болбой тургандыгы жалпыга маалым. Жакырчылык менен күрөштүн натыйжалары туруктуу болушу үчүн калктын жакыр катмары өздөрүнүн жакырчылык көйгөйүн чечүүгө өздөрү умтулуусу зарыл.
Ошентип, жакырчылыкты кыскартуу жана аны жоюу көйгөйүнө карата бир бүтүндүктөгү мамиле, көп векторлуу иш-аракеттер “жакырлык” түшүнүгүнүн өзүн өзгөртүүгө алып келди, б.а. кирешеге карата жакырлыкты аныктоодон жакырлыкты мүмкүнчүлүктөрүнө карата, руханий жана маданий жакырлыгына карата аныктоону карай эволюциялык өзгөрүү болду. Бул өзгөрүүлөр кирешелери боюнча жакырчылыкты жоюу максатынан жакыр адамдардын жалпы өнүгүүсүнө жетишүү максатына өтүүгө, калктын жакыр катмарларына сырттан колдоо көрсөтүүдөн алардын ички ресурстарын огожолоого (стимулдоо-го) өтүүгө, мамлекеттик жөнгө салуудан рынок драйверлерине жана социалдык катышууга өтүүгө алып келген. Бул болсо:
- Партиянын төмөнкү баскычтагы баштапкы уюмдарын жигердүү түзүү, элет жериндеги партиялык бөлүмдөр менен комитеттердин функцияларын ачып көрсөтүү, баштапкы уюмдардын партиялык кадрларын окутуп-үйрөтүү, партиянын баштапкы уюмдарынан элет жерине жетекчилик кылуучу, ал жерде туруктуулукту сактап туруучу жана калктын жыргалчылыгын жогорулатуучу күчтүү ядрону түзүү. Бул милдетти аткаруу үчүн бүткүл өлкө боюнча жалпы жонунан 3 миллиондон ашуун биринчи катчылар жана партиянын кадрдык кызматкерлери тандалып алынып, элет жерлерине жөнөтүлгөн. Алар айылдагы жакыр адамдар менен аралаш жашап, алардын түйшүктөрүн тең бөлүшүп, ой-санаасы бир болуп, бирге иштешкен. Натыйжада баштапкы партиялык уюмдар жакырлыкты жоюунун жана бардар жашоого жетүүнүн күжүрмөн топторуна айланышкан;
- Артта калган аймактарда жашоонун жана эмгектенүүнүн шарттарын жакшыртуу, элет жериндеги инфратүзүмдөрдүн сапатын жогорулатуу, айылдык жолдорду жана электр тармактарын куруу, кыштактарды таза суу менен камсыз кылуу;
- Билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасын, турак жай фондунун, пенсия менен камсыз кылуу, маданият жана дем алуу түзүмдөрүн жакшыртуу, жакыр жана артта калган аймактарда социалдык адилеттүүлүктү жана коомдук шайкештикти калыптандырууга өбөлгө түзүү;
- Калктын аз камсыз болгон катмарына бериле турган материалдык жардамды маданий жана билим берүүдөгү колдоо, руханий денгээлдеги жардам берүү менен айкалыштыруу аркылуу окутуп-үйрөтүү менен руханий жардылыкты жоюу аркылуу жакырларга колдоо көрсөтүү, жакыр адамдарга психологиялык тосмолордон арылуу, турмуштагы ишенимдүүлүгүн бекемдөө боюнча көмөк көрсөтүү. Бул багытта жакыр калктын маданий жана илимий-техникалык деңгээлин жогорулатуу, аларды моралдык жактан сүрөмөлөө жана интеллектуалдык жактан колдоо иштери алдыңкы орунга коюлат;
- Жакыр адамдардын өнүгүүгө болгон умтулуусуна колдоо көрсөтүү, алардын ички мотивациясын жогорулатуу, аларга интеллектуалдык жардам көрсөтүү, кесиптик билим алуусунун деңгээлин жана өз алдынча окуп-үйрөнүү жөндөмүн жогорулатуу, калктын аз камсыз болгон катмарларынын саясий турмушка катышуусун жигердентүү, алардын жакырчылык менен күрөшүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуудагы, турмушка ашыруудагы жана жыйынтыктарына баа берүүдөгү укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жакыр жарандардын жалпы коомчулук менен биргеликте коомдук курулушка катышуусун, өнүгүүнүн жемиштеринен биргеликте пайдалануусун огожолоо;
- Калктын жакыр катмарынын рыноктук иш-аракеттерге катышуусуна өбөлгө түзүү, алардын рыноктук атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу; өнүгүү долбоорлорунан түшкөн кирешенин эсебинен жакырларга колдоо көрсөтүү, алардын жашоо минимумун камсыз кылуу, өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү жок жана рыноктук иш-аракеттерге түздөн-түз катыша албай турган жакырлардын топторуна социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жемиштеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү.
- Алыскы жана экологиялык жактан шарты начар райондордогу жакыр адамдарды жаңы, жашоо шарттары ыңгайлуу болгон шаарлардын чет жакаларына масштабдуу түрдө көчүрүү, аларга акысыз же ири өлчөмдө субсидияланган, негизги инфратүзүмү бар турак жайларды берүү. Мында мамлекет жумушчу орундарды түзүү, жаңы адистиктер боюнча окутуп-үйрөтүүнү жана жаңы конуштардагы айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча милдеттерди өзүнө алат.
Ушундай көп векторлуу жана ырааттуу күрөштүн натыйжасында Си Цзиньпин “кытай элинин улуу жана даңазалуу иши” деп атаган жеңиш камсыз кылынган.
Бүткүл дүйнө Кытайдагы жакыр адамдар жакырчылыктын каргысынан бошонгонуна, калктын жакыр катмарларынын кирешесинин деңгээли жогорулаганына, бардыгы милдеттүү түрдөгү билим берүү, медициналык тейлөө жана коопсуз турак жай таза суу менен камсыз болгонуна күбө болду. Жакырчылыктан кутулган аймактар социалдык-экономикалык ыкчам өнүгүү жолуна түшүштү, жакырчылыктан арылган калктын руханий бейнеси дагы өзгөрдү, адамдардын арасында өзүнө болгон ишенимдүүлүк бекемделди, ошондой эле алардын өз алдынча жана күч-кубаттуу болууга умтулуусу, кажыбай күрөшүү духу, реалдуу иштерге күжүрмөндүк менен аралашуусу жана өз колу менен бакубат жашоону жаратууга киришүүсү бышыкталды.
Бизге деле жакырчылыкты кыскартуу-нун жана аны жоюунун ачкычы социалдык мобилизацияда жана даректүү колдоо көрсөтүүдө экендиги 90-жылдарда эле белгилүү болчу.
Анткени 1998-жылдын 11-февралында “1998-2005-жылдарга карата жакырчылыкты жоюунун “Аракет” Улуттук программасы” бекитилген эле. Социалдык мобилизация программасы деп аталган документте жакырчылыкты жоюу мамлекеттин бүтүндөй экономикалык, каржылык жана социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыты, ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын башкы максаты катары каралган.
Ал эми 2000-жылдардын башында “Жакырчылыкты кыскартуунун улуттук стратегиясы” бекитилген. Бул стратегия Дүйнөлүк Банк, Эл аралык валюта фондусу, ПРООН сыяктуу эл аралык донорлор менен биргеликте андан ири программа болгон – “Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери” деген долбоордун алкагында ишке ашырылмак. Ошондой эле “2015-жылга чейинки адамдык туруктуу өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы” бекитилген. Бул документтин башкы максаты болуп жакырчылыкты кыскартуу, жумуш менен камсыз кылуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү каралган. Бул долбоорду аткаруу БУУ тарабынан кабыл алынган Миң жылдыктын глобалдуу максаттарынын негизинде
ишке ашмак.
Ошондой болсо дагы, Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюу боюнча алгачкы ири улуттук программа кабыл алынгандан бери 28 жыл өткөндүгүнө карабай 2026-жылдын январь айынын башында Өкмөт тарабынан “…жакырчылык боюнча кырдаал башкы көйгөйлөрдүн бири болуп калууда, Министрлер Кабинети 2030-жылга карата жакырчылыкты 20%га чейин төмөндөтүү иштерин жүргүзөт” – деген билдирүү таратылды. Бул иш адам потенциалын өнүктүрүүгө жана эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган жаңы программанын алкагында ишке ашырылмакчы.
Кыргызстандагы экономикалык өнү-гүүнүн акыркы бир нече жылдагы темпи, ошондой эле жакын коңшубуз Кытайдын жакырчылык менен күрөшүүдөгү тажрыйбасы, алардын жетишкендиктери бизде дагы жакынкы эле келечекте жакырчылыкты толук жеңүүгө жана орто бардар коомду курууга мүмкүнчүлүктөр бар экендигин көрсөтүп турат.
Мындай мүмкүнчүлүктү ишке ашыруу үчүн мурдагы программалар менен долбоорлорду, аларды турмушка ашыруунун жүрүшүн дыкаттык менен анализдөө, жетишкендиктер менен мүчүлүштүктөрдү аныктоо, ошонун негизинде Кыргызстанда жакырчылыкты жоюу боюнча жаңы, реалдуу стратегияны иштеп чыгуу зарыл, мында сөзсүз түрдө Кытайдын тажрыйбасы эске алынууга тийиш. Азыр бизде мүмкүнчүлүктөр бар, Кытай тараптын көмөк көрсөтүүгө, иш-тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, бул багытта практикалык түрдө кызматташтыкты тереңдетүүгө дагы ниети түз экенин билебиз. Биз тараптан бекем эрк менен чечкиндүүлүк гана талап кылынат.
Эмилбек КАПТАГАЕВ,
мамлекеттик жана коомдук ишмер


