Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Кечээ, 1-июнунда Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду мындан ары да активдүү өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Министрлер эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоо максатында ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жээнбек Кулубаев ошондой эле Европа Биримдигинин санкциялык саясатына байланыштуу Кыргызстан тараптын көз карашын билдирип, бир тараптуу чектөөлөр Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык туруктуулугуна терс таасир тийгизиши мүмкүн экенин белгиледи.

Министр Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин так сактоо менен санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө багытында Европа Биримдиги менен ачык жана конструктивдүү диалогду улантып келерин айтты. Тараптар өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүк жалпы максаттарга жетүүнүн эң натыйжалуу жолу экенин белгилешти.

Мындан тышкары, жолугушууда эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, Бириккен Улуттар Уюму, ЕККУ жана Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Германиянын өкүлдөрү эки тараптуу байланыштарды жана көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар