Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапарынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районундагы бир катар социалдык жана өндүрүштүк объектилерди кыдырды.
Алгач МинКаб башчысы Лейлек райондук жалпы дарыгердик практика борборунун абалы менен таанышып, медициналык мекеменин көйгөйлөрүн укту. Маалыматка ылайык, 2025-жылы терапия бөлүмү авариялык абалга байланыштуу жабылып, убактылуу негизги имараттын экинчи кабатына көчүрүлгөн. Дарыгерлер неврология жана терапия бөлүмдөрү үчүн өзүнчө имарат куруу зарылдыгын белгилешти. Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга маселени чечүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.
Иш сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин төрагасы Кулунду айыл аймагындагы Булак-Башы айылында жайгашкан «Мега Газоблок КейДжи» ишканасынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Немис технологиясынын негизинде экологиялык таза курулуш материалдарын чыгарган завод суткасына 1200 куб метрге чейин автоклавдык газоблок өндүрүүгө жөндөмдүү. Белгиленгендей, ишкананын ишке кириши чек арага жакын аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болууда.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Раззаков жана Максат айылдарында жүрүп жаткан курулуш иштерин көрүп чыкты. Турукташтыруу фондунун эсебинен Раззаков айылындагы жаңы конушту таза суу жана канализация системасы менен камсыздоого 39 миллион сом, ал эми Максат айылына 15 миллион сом бөлүнгөн. Учурда эки айылда тең таза суу жана канализация системалары пайдаланууга берилген.
Ошондой эле Раззаков айылында 2,4 чакырым жолго асфальт төшөө иштери аяктап, кошумча инфраструктуралык иштер жүргүзүлүүдө. Максат айылында болсо 1 чакырым 120 метр жолду асфальттоого даярдык иштери бүткөрүлгөн.
Сапардын соңунда Министрлер Кабинетинин төрагасы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Ал жаңы конуштарга көчүп келген жарандар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү жана социалдык объектилерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүтүрүү маанилүү экенин белгиледи.


