Башкы беткеМинистрлер кабинетиМинкаб башчысы Баткендеги бир катар көйгөйлөрдү жеринен көрдү

Минкаб башчысы Баткендеги бир катар көйгөйлөрдү жеринен көрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык жана стратегиялык маанидеги объектилерди кыдырды.

Алгач Министрлер Кабинетинин Төрагасы Миң-Өрүк – Самаркандек автожолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Узундугу 3,2 чакырымды түзгөн долбоордо эстакадалык көпүрөнүн курулушу дагы каралган. Жаңы жол пайдаланууга берилгенден кийин Лейлек районуна чейинки аралык 3 чакырымга, ал эми Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга чейинки жол 17 чакырымга кыскарат. Учурда жардыруу жолу менен жол тилкесин даярдоо жана көпүрөнүн таянычтарын орнотуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Андан соң Адылбек Касымалиев Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын абалы менен таанышты. Оорукананын негизги имараттары 1978 жана 1981-жылдары, ал эми жугуштуу оорулар бөлүмү 1968-жылы пайдаланууга берилген. Акыркы 45 жылдан ашуун убакыт ичинде мекемеде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Оорукананы кыдыруунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы жаңы оорукана имаратын куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды.

Иш сапарынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын курулушун да көрдү. Баткен шаарында акыркы жолу 2011-жылы турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө шаардык мэрияга турак жайга муктаж болуп 5345 жаран кайрылган. Жаңы турак жай комплекстеринин курулушу шаардагы турак жай маселесин чечүүгө олуттуу салым кошору күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы Кызыл-Учу участкасында курулуп жаткан борбордук стадиондун курулушун текшерди. Жалпы наркы 1,8 миллиард сомду түзгөн долбоордун алкагында 100 орундуу төрт кабаттуу мейманкана, жасалма жана табигый газон төшөлгөн футбол аянтчалары, кичи футбол аянтчалары жана бир катар спорттук жайлар курулат.

Иш сапарынын биринчи күнү Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Булак жерлигиндеги Жаңы Достук конушунда жыйынтыкталды. Бул жерде курулган 181 турак үй толугу менен бүткөрүлүп, электр энергиясы, таза суу жана көчө жарыктандыруу системалары менен камсыздалган.

Сапардын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн маселелер боюнча пикир алышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар