Башкы беткеМинистрлер кабинетиБакыт Төрөбаев стратегиялык инфраструктуралык долбоорлор боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Бакыт Төрөбаев стратегиялык инфраструктуралык долбоорлор боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарындагы бир катар стратегиялык маанидеги инфраструктуралык объектилер боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө “Манас” эл аралык аэропортуна алып баруучу альтернативдүү автомобиль жолун куруу маселеси каралды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жаңы жол Махатма Ганди көчөсү аркылуу өтүп, андан ары “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын аймагына чейин уланат. Долбоор аэропорттун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, жол тыгындарын азайтууга жана борбор калаанын логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Ошондой эле көчмө кеңешменин алкагында “Экспо Кыргызстан” эл аралык көргөзмө борборун куруу долбоору талкууланды. Долбоордун концепциясы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен “Кыргыз Экспорт” ААК тарабынан сунушталды.

Талкуунун жүрүшүндө көргөзмө борборунун негизги параметрлери, функционалдык багыты жана жайгашуусу боюнча бир катар сунуштар каралды. Катышуучулар транспорттук жеткиликтүүлүккө, инженердик инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрүнө, аймакты өнүктүрүү перспективаларына жана объекттин туристтик потенциалына өзгөчө көңүл бурушту. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоордун концепциясын өркүндөтүү жана объект үчүн оптималдуу жер тилкесин аныктоо боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев “Манас” эл аралык аэропортунда жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда аэровокзал комплексин кеңейтүү, кошумча унаа токтотуучу жайларды куруу, аэропорттун инфраструктурасын модернизациялоо жана ага чектеш аймактарды көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар