4-июндан 6-июнга чейин Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт. Иш-чара мамлекеттик деңгээлде чет өлкөлүк делегациялардын катышуусунда өткөрүлөт.
Буга байланыштуу Бишкек шаарында жолдун айрым тилкелеринде убактылуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет.
Чектөөлөр төмөнкү маршруттар боюнча каралган:
– Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин («Манас» эл аралык аэропортунун жолу);
– Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
– Манас проспектисинен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;
– Байтик Баатыр көчөсү.
Министрлик борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну жана жол кыймылына мүмкүн болгон чектөөлөрдү эске алуу менен маршруттарыңыздарды алдын ала пландаштырууну суранабыз.



