Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштеринин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 эсеге жогорулады. 2025-жылы өлкө боюнча июнь айына карата жалпы 94,3 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Ал эми 2026-жылы бул көрсөткүч 301,9 чакырымга жетти.
Жол курулушундагы мындай олуттуу секирик мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен жана министрликтин ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун натыйжасында ишке ашууда. Жолдордун курулушу министрликтин көзөмөлүндө.



