«Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү менен Кытайдын «Жэньминь жибао» гезити өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документке кол коюу аземи Бишкекте өткөн Кыргыз-кытай медиафорумунун алкагында болду. Макулдашуу эки өлкөнүн басылмаларынын ар тараптуу кызматташтыгын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Медиафорум Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналды. Ири иш-чараны Кытайдын «Жэньминь жибао» гезити жана «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү биргелешип уюштурду.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар заманбап медианын өнүгүү тенденцияларын, санариптик коммуникацияларды жайылтуу маселелерин жана өлкөлөр ортосундагы узак мөөнөттүү маалыматтык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. 




