Башкы беткеПрезидентДипломатиялык кызмат тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Дипломатиялык кызмат тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документ 2026-жылдын 22-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мыйзам дипломатиялык кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, анын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө жана тышкы саясаттагы заманбап талаптарга ылайыкташтырууга багытталган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстандын консулдук уставын эми Президент бекитет. Ошондой эле мамлекеттик органдардын тышкы саясат жаатындагы өз ара аракеттенүү тартиби да мамлекет башчысынын чечими менен аныкталат.

Мыйзамда дипломатиялык кызмат органдарынын функциялары кеңейтилип, чет мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди түзүү боюнча сунуштарды Президентке киргизүү укугу каралган. Мындан тышкары, башкы консулдар Президент менен макулдашуу аркылуу тышкы иштер министри тарабынан дайындалат. Жаңы жоболордун негизинде дипломатиялык рангынан ажыратуу мүмкүнчүлүгү киргизилип, дипломатиялык кызматкерлердин мыйзам бузуулары үчүн тартиптик, материалдык жана башка жоопкерчиликтери так белгиленди.

Мыйзамдагы дагы бир маанилүү жаңылык — Кыргыз Республикасында болуу менен Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси институтунун киргизилиши. Бул кызматтын иш тартиби Президенттин өзүнчө чечими менен жөнгө салынат. Ошондой эле элчи, туруктуу өкүл жана атайын ыйгарым укуктуу элчи кызматтарына талапкерлер үчүн кеминде 10 жылдык тажрыйба талабы киргизилди. Өзгөчө учурларда мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон жарандарды бул кызматтарга сунуштоо мүмкүнчүлүгү да сакталат.

Жаңы мыйзам дипломатиялык кызматтын укуктук негиздерин өркүндөтүп, Кыргызстандын тышкы саясаттагы ишмердүүлүгүн дагы да натыйжалуу жүргүзүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар