Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда электрондук тамекилерге киргизилген чектөө дагы узартылды

Кыргызстанда электрондук тамекилерге киргизилген чектөө дагы узартылды

Министрлер Кабинети 2026-жылдын 1-июнунда кабыл алган токтомго ылайык, Кыргызстанга электрондук тамекилерди, никотин жана никотин камтыган суюктуктарды алып кирүүгө киргизилген убактылуу чектөөнүн мөөнөтү дагы алты айга узартылды.

Белгилей кетсек, өлкөдө 2025-жылдын 1-июлунан тарта электрондук тамекилерди алып келүүгө, сатууга жана колдонууга расмий түрдө тыюу салынган.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, электрондук тамеки колдонгон жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Ал эми мындай продукцияны саткан жеке адамдар 20 миң сом, юридикалык жактар 65 миң сом айып төлөшөт.

Мындан тышкары, электрондук тамекилерди ири көлөмдө өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай мыйзам бузуу үчүн 100 миңден 120 миң сомго чейин айып пул салынат же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартуу жазасы колдонулат.

Эгерде электрондук тамекилер өзгөчө ири көлөмдө ташылып келсе, 150 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салынып же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ошол эле учурда электрондук тамекилерге тыюу салынганына карабастан, аларды айрым социалдык тармактар жана Telegram каналдары аркылуу мыйзамсыз сатуу учурлары дагы эле катталып жатканы айтылууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар