Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аймактагы негизги көйгөйлөрдү талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар таза суу менен камсыздоо, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алуу, сугат сууларынын жетишсиздиги, электр энергиясынын сапаты, ошондой эле социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү.
Айыл эли балдар бакчаларынын жетишсиздигин, спорт залдарга жана стадиондорго болгон муктаждыкты белгилеп, үлүш жерлерди пайдалануу жана бөлүштүрүү боюнча да сунуштарын айтышты. Мындан сырткары жолдорду оңдоо жана инженердик инфраструктураны жакшыртуу боюнча маселелер да көтөрүлдү.
Аманкан Кенжебаев жарандардын бардык кайрылууларын угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Облус башчысы Кара-Суу районунда калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштер башталганын белгилеп, калган көйгөйлөр да этап-этабы менен чечиле турганын билдирди.
Ошондой эле жолугушуунун алкагында укук коргоо органдары жарандардын жеке кайрылууларын кабыл алып, аларды кызыктырган суроолор боюнча түшүндүрмө беришти.
Облус жетекчилиги калктын жашоо шартын жакшыртуу жана жергиликтүү көйгөйлөрдү ыкчам чечүү багытындагы иштер улантыларын белгиледи.




