Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» эл аралык темир жол долбоорунун курулушуна байланышкан көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйында темир жол өтө турган аймактардагы жергиликтүү тургундардын турак жайларын жана жер тилкелерин компенсациялоо маселелери каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырмалар берилди. Жыйынга мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү бийликтин жана «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу» биргелешкен компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Андан соң Эрлист Акунбеков Жалал-Абад аймагында курулуп жаткан темир жол туннелинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ал бул долбоор жөн гана транспорттук каттам эмес, Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык коридор экенин белгиледи.
«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолу аймактык байланыштарды чыңдап, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөт. Бул долбоор келечектеги өнүгүүнүн жана мамлекеттер ортосундагы өнөктөштүктүн символу болуп калат», — деди министр.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун жалпы узундугу 304 чакырымдан ашат. Долбоордун жалпы наркы 4,7 миллиард долларды түзөт.
Долбоордун алкагында жалпы узундугу болжол менен 120 чакырымды түзгөн 29 туннель жана 50 көпүрө курулат. Бул темир жолдун дээрлик 40 пайызы көпүрөлөрдөн жана туннелдерден турарын көрсөтөт.
Эске салсак, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна расмий старт 2024-жылдын 27-декабрында берилген. Долбоордун ачылыш аземинде Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев анын аймактык маанисин өзгөчө белгилешкен.




