Башкы беткеМинистрлер кабинетиБеларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келди.

Жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Беларусь өкмөтүнүн башчысы Кыргызстандын жогорку жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, өнөр жай жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда. Мындан тышкары, Александр Турчин Кыргызстандагы айрым өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып, кыргыз-белорусь бизнес-форумунун ачылыш аземине катышат.

Беларусь Өкмөтүнүн башчысынын бул сапары кыргыз-белорус кызматташтыгын мындан ары чыңдоого жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрү белгиленүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар