Башкы беткеПрезидентШКУнун Башкы катчысы Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болушу менен...

ШКУнун Башкы катчысы Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болушу менен куттуктады

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Нурлан Ермекбаев бул жетишкендик Кыргызстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркынын жогору экенин жана өлкөнүн тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу багытындагы аракеттери дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогору бааланганын белгилеген.

Ал ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги ишмердүүлүгү өз ара урматтоо, тең укуктуу диалог жана эл аралык көйгөйлөрдү биргелешип чечүү принциптерин илгерилетүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

«Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишине катышуусу Шанхай кызматташтык уюмунун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келген принциптерди алдыга жылдырууга кызмат кылат деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоодо.

Нурлан Ермекбаев Президент Садыр Жапаровго чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар