Бүгүн, 4-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министри Андрей Лобович менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык-эмгек чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелерин кеңири талкуулашты. Өзгөчө эмгек рыногун жөнгө салуу, калкты социалдык жактан коргоо, иш менен камсыз кылуу саясаты, эмгек миграциясына көңүл бурулду.




