Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлангандан кийин Борбор Азия үчүн жалпы мааниге ээ болгон энергетикалык коопсуздук, эмгек миграциясы жана климаттын өзгөрүшү тууралуу маселелерди көтөрүп чыгып, күн тартибинде илгерилете алат. Мындай пикирин ТАСС агенттигине берген маегинде Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин билдирди.
Эксперт Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине шайланышын өтө олуттуу жетишкендик деп атап, бул органдын туруктуу эмес мүчөсү болуунун өзү эле чоң кадыр-барк алып келерин белгиледи. Анын айтымында, өлкө БУУнун негизги институттарынын биринин ишине катышуу менен гана чектелбестен, өзүнө маанилүү болгон маселелерди көтөрүп чыгууга мүмкүнчүлүк алат.
«Республика эң маанилүү эл аралык аянтчалардын бири болгон, БУУнун негизги институтунун ишине катышуучу болуп калат. Бул жерде дүйнөлүк маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу менен катар, Кыргызстан үчүн маанилүү болгон суроолорду да көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Алардын катарына климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү, энергетикалык коопсуздук жана эмгек миграциясы кирет. Мындай шартта Кыргызстан өзүнүн гана эмес, жалпы Борбор Азиянын күн тартибиндеги көйгөйлөрдү эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк алат», — деди эксперт.
Притчин ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы сейрек кездешүүчү көрүнүш экенин белгиледи. Анын пикиринде, Кыргызстандын ийгилиги жалпы постсоветтик мейкиндик үчүн да маанилүү жетишкендик болуп саналат. Анткени Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайлануу үчүн атаандаштык дайыма өтө курч жүрөт.
БУУнун Башкы Ассамблеясындагы добуш берүүдө Кыргызстан Коопсуздук кеңешиндеги орун үчүн Филиппин менен ат салышты. Өлкө өз тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланып, өз милдеттерин 2027-жылдын 1-январынан тартып аткара баштайт.
2027-жылдын 1-январынан тартып Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү катары Австрия, Зимбабве, Португалия жана Тринидад жана Тобаго да ишин баштайт. Алардын ордуна учурдагы мүчөлөр — Греция, Дания, Пакистан, Панама жана Сомалинин ыйгарым укуктары 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт.



