Башкы беткеКоомКыргызстандын Кызыл китеби жаңыланат

Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыланат

Кыргызстанда жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрүн камтыган Кызыл китеп жаңыланат. Бул багытта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте иш алып барууда.

Тиешелүү кызматташтык тууралуу документке 5-июнда белгиленген Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган иш-чаранын алкагында кол коюлду.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаңылоо иштеринин жүрүшүндө өлкөдөгү сейрек кездешкен жана жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана башка тирүү организмдердин учурдагы абалы кайрадан иликтенип чыгат.

Кызыл китеп — жаратылышты коргоо жаатындагы негизги мамлекеттик документтердин бири болуп саналат. Анда саны кескин азайып кеткен, сейрек кездешкен жана коргоого муктаж болгон жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрү катталган.

Адистердин айтымында, Кызыл китепти жаңылоо биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жоголуп бара жаткан түрлөрдү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди күчөтүүгө өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар