Кыргыз Республикасы 2026-жылдын 3-июнунда эгемендүүлүк алгандан берки эң маанилүү дипломатиялык ийгиликтердин бирине жетишти. Өлкө тарыхында алгачкы жолу Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Кыргызстандын саясый тарыхындагы эң маанилүү окуяга байланыштуу, белгилүү дипломат, эксперттер өз оюн “Кыргыз Туусу” маалымат басма үйүнө дагы билдирүүдө.
Бул жолу Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы мурунку элчиси Улан Жусуповдун тарыхый окуяга байланыштуу ой-пикирин чагылдырабыз.

БУУнун Башкы Ассамблеясындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан Азия-Тынч океан тобу боюнча талапкерлигин көрсөтүп, 142 мамлекеттин колдоосуна ээ болду. Ал эми атаандашы болгон Филиппиндер 49 добуш алды.
Бул жеңиш Кыргызстан үчүн жөн гана эл аралык шайлоодогу ийгилик эмес, өлкөнүн акыркы жылдардагы жүргүзгөн тышкы саясатынын жана эл аралык аренадагы активдүү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы болуп калды.
Акыркы жылдары Кыргызстан аймактык кызматташтыкты чыңдоого, коңшу мамлекеттер менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара байланышты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Мунун натыйжасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлүп, аймак дүйнөлүк саясаттагы маанилүү өнөктөш катары карала баштады.
Ошондой эле өлкөдө ири экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору бар. Бул долбоорлор Кыргызстанды аймактагы маанилүү транзиттик жана энергетикалык борборлордун бирине айландырууга багытталган.
Эксперттердин баамында, Коопсуздук Кеңешине шайлануу өлкөнүн эл аралык аброюнун жогорулаганын жана Кыргызстанга болгон ишенимдин артканын көрсөтөт.
Кыргызстан Коопсуздук Кеңешиндеги ишмердүүлүгүндө климаттын өзгөрүшү, суу жана азык-түлүк коопсуздугу, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана деңизге чыга албаган мамлекеттердин көйгөйлөрү сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурууну пландап жатат. Бул багыттагы иштердин алкагында 2027-жылы Кыргызстанда Дүйнөлүк тоо саммити өткөрүлөт. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн мамлекет башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар жана эксперттер катышары күтүлүүдө.
Мамлекет жетекчилиги белгилегендей, Коопсуздук Кеңешине мүчө болуу сыйлык эмес, чоң жоопкерчилик. Кыргызстан дүйнөлүк тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча эл аралык аракеттерге өз салымын кошууга даяр. Өлкө диалогду, дипломатияны жана кызматташтыкты негизги баалуулук катары карманып, ар түрдүү көз караштарды жакындаткан көпүрө болууга умтулат.
Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып, эл аралык деңгээлдеги ролун дагы да бекемдөөгө шарт түзөт.
Улан Жусупов
Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы мурунку элчиси



