Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев IV Бишкек эл аралык кинофестивалын ачты

Адылбек Касымалиев IV Бишкек эл аралык кинофестивалын ачты

Бүгүн, 7-июнда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылыш аземине катышты.

Өлкө башчысынын жана Министрлер Кабинетинин атынан фестивалдын катышуучуларын куттуктаган Адылбек Касымалиев Кыргызстанда кинематографияны өнүктүрүү, чыгармачыл индустрияларды колдоо жана заманбап маданий чөйрөнү калыптандыруу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, акыркы жылдары кино тармагына системалуу түрдө көңүл бурулуп, мамлекеттик колдоо кыйла күчөдү. Эгерде төрт жыл мурда кино тармагын каржылоого 80 миллион сом бөлүнсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 928 миллион сомго жетти.

«Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Президенттин Жарлыгынын алкагында кино тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоо кыйла жогорулады. Экономиканын туруктуу өсүшү маданият менен искусствону өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүүдө. Ал эми «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» улуттук программасы кыргыз кинематографиясынын стратегиялык багыттарын аныктап жатат», – деди ал.

МинКаб төрагасы ошондой эле кыргыз киносунун бай тарыхына токтолуп, өткөн кылымдын 60–70-жылдарындагы «Кыргыз керемети» доору улуттук кино өнөрүнүн дүйнөлүк деңгээлдеги ийгилиги болгонун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү муун ошол салтты татыктуу улантууга жетиштүү чыгармачылык потенциалга ээ.

«Мамлекет кыргыз киносу ишенимдүү өнүгө ала турган шарттарды түзүүнү улантат. Бишкек эл аралык кинофестивалы жыл сайын өсүп, эл аралык аброю дагы да бекемделет деп ишенем. Фестивалга катышып жаткан бардык авторлорго жана кинотасмаларга ийгилик каалайм», – деди Адылбек Касымалиев.

Белгилей кетсек, IV Бишкек эл аралык кинофестивалы 7–12-июнь күндөрү өтөт. Фестивалдын программасына дүйнөлүк жана эл аралык премьералар, чет өлкөлүк жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн тасмаларынын көрсөтүүлөрү, ошондой эле режиссёрлор менен сценаристтер үчүн мастер-класстар жана тажрыйба алмашуу аянтчалары кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар