Башкы беткеПрезидентКара-Суу районунда 225 ипотекалык батир ээлерине тапшырылды. Президент онлайн катышты

Кара-Суу районунда 225 ипотекалык батир ээлерине тапшырылды. Президент онлайн катышты

Бүгүн, 8-июнда Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы “Асман Резиденс” турак жай комплексинде курулган ипотекалык үйлөр ээлерине тапшырылды. Ачкычтарды тапшыруу аземине Президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматында, 5 кабаттан турган 5 блок үйдө жалпысынан 225 батир бар.

Алардын ичинен:

– 1 бөлмөлүү – 50 даана;

– 2 бөлмөлүү – 125 даана;

– 3 бөлмөлүү – 50 даана .

Комплексте жер үстүндөгү 74 унаа токтотуучу жай, 830 м²  балдар жана футбол аянтчасы, ошондой эле спорт комплекси бар. Учурда аталган аймактагы дагы 1,95 гектар аянтка кошумча беш кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Садыр Жапаров аземде “Бул долбоор – жарандардын турак-жай маселесин чечүүгө багытталган мамлекеттик ипотекалык программанын ишке ашкан мисалы. Ар бир жараныбыз үйлүү болот”, – деди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар