Башкы бетке∅Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалуу кайра күчөдү

Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалуу кайра күчөдү

Эл аралык маалымат каражаттары жазгандай, Иран Израилдин түндүк аймактарына бир нече ирет ракета учурганын билдирген. Израилдин Коргонуу армиясы бардык ракеталар абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынганын маалымдады. 

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу бул чабуулдар бир жолку эмес экенин айтып, соккулар бир жума бою уланышы мүмкүн экенин эскертти. Өз кезегинде Израилдин аскер жетекчилиги буйрук берилсе, жооп иретинде чечкиндүү сокку уруларын билдирди.

Коопсуздукка байланыштуу АКШнын Иерусалимдеги элчилиги кызматкерлерине баш калкалоочу жайларга өтүүнү тапшырды. Ошондой эле Иерусалим менен Тель-Авивдеги консулдук бөлүмдөрдүн иши дүйшөмбүгө чейин токтотулду.

Reuters агенттиги АКШ Перс булуңундагы өнөктөштөрүнө келтирилген чыгымды жабуу үчүн Ирандын активдерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазды. Ошол эле учурда АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Тегеран акыркы келишимге жакындап калганын билдирип, учурдагы соккулар анын ишке ашышына тоскоол болбойт деген үмүтүн айтты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар