Кыргызстанда балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга болжол менен 15 миллион сом каралды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигиндеги кеңешмеде Балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Гүлмира Окоева билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» реабилитациялык борборунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетимдер жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар эс ала алышат. Биринчи агымда 375 бала 10-июндан тарта эс алууга жөнөтүлөт.
Окоева белгилегендей, орундарга болгон суроо-талап жогору болгондуктан, бир эле баланын жыл сайын эс алууга баруусу чектелет. Ошондой эле жолдомолордун баасы кымбаттагандыктан, эс алууга жөнөтүлө турган балдардын саны бир аз кыскарган. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга социалдык кызматкерлер бекитилип, зарыл учурда ата-энелери коштоп жүрө алышат.
Министрликтин маалыматына ылайык, борбордо балдар үчүн ар кандай ийримдер, компьютердик сабактар жана англис тили курстары уюштурулат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев эс алуу шарттарынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруларын белгилеп, процессти жеринен текшерип чыгаарын кошумчалады.



