Башкы беткеМаданиятКыргыз театр өнөрү Өзбекстанда кызуу тартууланды

Кыргыз театр өнөрү Өзбекстанда кызуу тартууланды

Кыргызстандын театр ишмерлери Өзбекстандын бир катар шаарларында чыгармачылык сапар менен болуп, кыргыз маданиятын жана драматургиясын кеңири таанытуу багытында маанилүү маданий иш-чараларды өткөрүштү.

Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, режиссёр Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган «Куса» моноспектакли Өзбекстандын Андижан, Ташкент жана Бухара шаарларында көрүүчүлөргө сунушталды. Кыргыз эл жазуучусу Каныбек Иманалиевдин чыгармасынын негизинде даярдалган спектаклде башкы жана жалгыз ролду Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алымкул Исаков аткарды.

Спектаклдин алгачкы көрсөтүүсү 2-июнда Андижан шаарында өтсө, 3-июнда Ташкент шаарындагы Өзбекстандын жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында коюлду. Иш-чараларга Өзбекстандын маданият өкүлдөрү, театр ишмерлери, эл артисттери жана Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери катышты.

Ташкенттеги көрсөтүүдөн кийин Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алымкул Исаков Өзбекстандын жаш көрүүчүлөр театрынын чыгармачыл жамааты үчүн актердук чеберчилик боюнча мастер-класс өткөрүп, эки өлкөнүн театр өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.

Чыгармачылык сапардын алкагында 5-июнда «Куса» моноспектаклинин кезектеги көрсөтүүсү Бухара шаарында уюштурулуп, жергиликтүү көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Ошол эле күнү Бухара облустук музыкалык драма театрында драматург, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Гүласал Алиеванын «Кыл көпүрө» драмасынын өзбек тилиндеги премьерасы болуп өттү. Премьерага Кыргызстандын маданият өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун кызматкерлери жана чыгарманын автору катышты.

Белгилей кетсек, «Кыл көпүрө» драмасы буга чейин Кыргызстанда жаш режиссёр Жаңылай Исакова тарабынан сахналаштырылып, Түркияда өткөн Эл аралык Малтепе театр фестивалында ийгиликтүү көрсөтүлгөн. Спектакль фестивалдын алкагында бир катар сыйлыктарга татыган.

Өзбекстандагы чыгармачылык иш-чаралар кыргыз жана өзбек элдеринин маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоого, ошондой эле театр тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар