Бишкек шаардык мэриясы коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү жана өз ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо максатында мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрдүндө ишеним телефондору иштеп жатканын маалымдады.
Муниципалитеттин маалыматында, жарандар жана уюмдар коррупциялык тобокелдиктер, мыйзам бузуулар, кызыкчылыктардын кагылышы жана ушул сыяктуу башка жагдайларга байланышкан маселелер боюнча кайрыла алышат.
Ишеним телефондору:
0312 97 91 95 (кошумча 0603)
0312 97 91 95 (кошумча 0602)
Келип түшкөн кайрылуулар карап чыгуу жана белгиленген тартипте тийиштүү чараларды көрүү үчүн кабыл алынат.



