Башкы беткеИлимКыргызстанда айрым кесиптер жоголушу мүмкүн - министр

Кыргызстанда айрым кесиптер жоголушу мүмкүн – министр

Кыргызстанда айрым кесиптер жасалма интеллекттин өнүгүшүнө байланыштуу жоголуп же трансформацияга учурашы мүмкүн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев окуучулар менен жолугушууда билдирди.

Министр Кыргызстанда курулуш тармагы активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, бул багыттагы кесиптерге болгон муктаждык жогору экенин айтты.

“Бизде азыр курулуш абдан активдүү жүрүп жатат. Бүт Кыргызстан чоң курулуш аянтчасына айланды. Ошондуктан курулуш тармагындагы бардык кесиптерге суроо-талап бар” , — деди ал.

Ошондой эле ал маалыматтык технологиялар тармагына болгон кызыгуу өсүп жатканын белгиледи.

Министрдин айтымында, IT адистиктер келечектүү багыт болуп саналат, бирок жаш курак өткөн сайын бул тармакты үйрөнүү бир аз татаалдаша турганын да кошумчалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар