Кыргызстанда балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга быйыл дээрлик 15 миллион сом каралды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өткөн жыйында Балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Гүлмира Окоева маалымдады.
Анын айтымында, Ысык-Көл жээгинде жайгашкан «Алтын балалык» реабилитациялык борборунда өлкөнүн бардык аймактарынан келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим балдар жана майыптыгы бар балдар эс алышат. Биринчи эс алуу агымы 10-июнда башталат.
Гүлмира Окоева жолдомолорго суроо-талап жогору экенин белгилеп, мүмкүн болушунча көбүрөөк баланы камтуу үчүн жолдомолор адилеттүү бөлүштүрүлөрүн айтты. Жолдомолордун баасы жогорулаганына байланыштуу быйыл эс алууга жөнөтүлүүчү балдардын саны бир аз кыскарган.
Борбордо балдардын убактысын пайдалуу өткөрүүсү үчүн ар кандай ийримдер, компьютердик сабактар, англис тили курстары жана маданий-спорттук иш-чаралар уюштурулат. Ошондой эле ар бир топко социалдык кызматкерлер бекитилет. Майыптыгы бар балдарды ата-энелери коштоп жүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Жыйындын жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев балдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу керектигин белгилеп, жайкы эс алууну уюштуруу иштерин жеке көзөмөлүнө аларын билдирди.



