Башкы беткеДүйнөОПЕК+ өлкөлөрү июль айында мунай өндүрүшүн көбөйтөт

ОПЕК+ өлкөлөрү июль айында мунай өндүрүшүн көбөйтөт

ОПЕК+ уюмуна кирген жети өлкө 2026-жылдын июль айында мунай өндүрүшүн көбөйтөрүн жарыялады. Бул чечим Сауд Арабиясы жана Россия баш болгон ири мунай өндүрүүчү мамлекеттердин онлайн форматта өткөн жолугушуусунда кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, жети өлкө июнь айындагыдай эле өндүрүш көлөмүн суткасына кошумча 188 миң баррелге көбөйтөт. Муну менен мунай өндүрүү көлөмү катары менен төртүнчү ай өсүп жатат.

Жыйынга Бириккен Араб Эмираттары катышкан жок. Өлкө 1-майдан тартып ОПЕК жана ОПЕК+ курамынан чыкканын буга чейин жарыялаган.

Эксперттердин баамында, өндүрүштү көбөйтүү чечими Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташуудагы чектөөлөргө жана бул маанилүү деңиз жолу жакын арада ачылышы мүмкүн деген күтүүлөргө байланыштуу кабыл алынган.

Ошол эле учурда дүйнөлүк мунай рыногунда баалар жогору бойдон калууда. АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн келечегине байланыштуу белгисиздиктен улам Нью-Йоркто WTI үлгүсүндөгү мунайдын фьючерстери бир баррели үчүн 90 доллардын айланасында соодаланууда.

Адистердин пикиринде, ОПЕК+ өлкөлөрүнүн өндүрүштү көбөйтүү чечими дүйнөлүк рыноктогу суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугун сактоого жана баалардын кескин өсүшүн алдын алууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар