Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, УКМКнын төрагасынын орун басары – Киберкоопсуздукту координациялоо борборунун директору кызматынан Уранбек Шадыбеков бошотулду.
Мамлекет башчысынын дагы бир тескемеси менен бул кызматка Алмаз Ажыгулов дайындалды. Ал эми жаңы дайындалган жетекчи УКМКнын төрагасынын орун басары жана Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору кызматын аркалайт.
Белгилей кетсек, Уранбек Шадыбеков аталган кызматка 2026-жылдын 10-февралында дайындалган болчу.
Кадрдык өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде ишке ашырылды.



