Башкы беткеДүйнөЯпонияда катуу цунами коркунучу күтүлүүдө: 200 миңге жакын жаран көчүрүлдү

Японияда катуу цунами коркунучу күтүлүүдө: 200 миңге жакын жаран көчүрүлдү

Япониянын бийлиги цунами коркунучуна байланыштуу өлкөнүн 10 префектурасында жашаган 181 миң 500 адамды эвакуациялоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу NHK телеканалы Өрт жана табигый кырсыктарга каршы күрөшүү агенттигине таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, цунами тууралуу эскертүү жарыялангандан кийин 95 миң 961 үй чарбасына жана 181 миң 500 тургунга эвакуация тууралуу буйрук берилген. Коопсуздук чаралары Ибараки, Тиба, Сидзуока, Айти, Миэ, Вакаяма, Коти, Миядзаки, Кагосима жана Окинава префектураларын камтыды.

Өзгөчө Миэ префектурасындагы Сима шаары толугу менен эвакуацияланууда. Анда 22 миңден ашуун үй чарба жана 42 миңден ашык адам жашайт. Ал эми Кагосима префектурасындагы жээктеги Кимоцуки шаарында 3 миң 800гө жакын тургун коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Эвакуация чаралары Ничинан, Тоёхаси, Нумадзу, Коти жана Наха шаарларын да камтыды. Жээкке жакын жашаган бардык тургундарга дароо коопсуз аймактарга чыгуу сунушталды.

Цунами коркунучу Филиппиндин Минданао аралынын жээгинде болгон 8,1 баллдык күчтүү жер титирөөдөн кийин жарыяланган. Филиппиндин Вулканология жана сейсмология институту толкундардын бийиктиги бир метрден ашып, айрым булуңдарда жана кысыктарда андан да жогору болушу мүмкүн экенин эскерткен.

Адистер Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдү сак болууга чакырып, калкты расмий маалыматтарды гана колдонууга үндөштү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар