Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.
Документ 2026-жылдын 14-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Макулдашууга ылайык, Кыргызстан мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоор үчүн жалпы көлөмү 6,36 миллион АКШ доллары өлчөмүндө кошумча каржылоо алат. Анын ичинен 4,36 миллион доллары жеңилдетилген кредит, ал эми 2 миллион доллары грант катары берилет.
Долбоордун негизги максаты – мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, балдарды сапаттуу күндүзгү кароо менен камсыз кылуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин пилоттук негизде ишке киргизүү болуп саналат.
Кошумча каржылоонун алкагында мектеп жашына чейинки балдарды билим берүү менен камтуу деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле үй-бүлөлөр үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын жеткиликтүү кылуу мерчемделүүдө.
Каржылоо өтө жеңил шарттарда берилет: кредитти төлөө мөөнөтү 50 жылды түзөт, анын ичинде 10 жыл жеңилдетилген мезгил каралган. Пайыздык ставка жана тейлөө акысы 0 пайызды түзөт.
Өкмөттүн маалыматына караганда, бул долбоор өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн шарттарды жакшыртууга өбөлгө түзөт.



