Башкы беткеПрезидентКыргызстан менен Кипр туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Кипр туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Садыр Жапаров 8-июнда расмий сапар менен Кыргызстанга келген Константинос Комбосн кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы туризм, инвестиция, каржы жана банктар аралык байланыштар жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде Константинос Комбос Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен Садыр Жапаровду куттуктап, бул жетишкендик өлкөгө болгон эл аралык коомчулуктун жогорку ишенимин айгинелерин белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстанга эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка жаңы дем берүү максатында келгенин айтып, бул багытта тараптардын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар