Өзбекстандын «Uzautotrans Service» транспорттук компаниясы 8-июндан тарта Ташкент — Чолпон-Ата багыты боюнча сезондук автобус каттамын ишке киргизди. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы каттам туристтик сезон маалында Өзбекстандын борбору Ташкент менен Ысык-Көлдүн курорттук борбору Чолпон-Атанын ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздайт.
Автобустар Ташкенттен жуп күндөрү, ал эми Чолпон-Атадан так күндөрү каттайт. Каттамдар «Ташкент» автовокзалынан аткарылат.
Жүргүнчүлөрдү ташуу заманбап Yutong үлгүсүндөгү автобустар менен жүргүзүлөт. Бир тарапка билеттин баасы 365 миң өзбек сумун, же болжол менен 2 миң 700 сомду түзөт.
Жаңы каттам эки өлкөнүн ортосундагы туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө жана жайкы эс алуу маалында жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.



