Башкы беткеЭкономикаПапан ГЭСинде тоннелдин алгачкы 30 метри казылды

Папан ГЭСинде тоннелдин алгачкы 30 метри казылды

Кыргызстанда Папан гидроэлектростанциясынын курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Долбоордун негизги объектилеринин бири болгон деривациялык суу өткөрүүчү тоннелде алгачкы 30 метрлик казуу иштери ийгиликтүү аяктады.

Маалыматка ылайык, тоннелдин жалпы узундугу 1,5 чакырымды түзөт. Долбоор өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаңы электр энергиясын өндүрүүчү кубаттуулуктарды түзүү максатында “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому тарабынан ишке ашырылууда. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн бардык керектүү уруксат документтери алынган. Учурда объектте 30дан ашуун атайын техника тартылып, иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, оор жүк ташуучу техникалар менен курулуш материалдарын жеткирүү үчүн 8 чакырымга жакын унаа жолу оңдолуп, бекемделди.

Курулуш аянтында административдик имараттын курулушу аяктап, суу алуучу түйүн жана шлюз камерасынын айланасындагы аймактар даярдалды. Ошондой эле келечектеги гидроэлектростанциянын имараты жайгаша турган жерден пайдубал чуңкурун казуу иштери башталды.

Долбоордун алкагында ар бири 10 мегаватт кубаттуулуктагы үч гидроагрегат даярдалууда. Учурда алардын даярдык деңгээли болжол менен 70 пайызды түзөт. Папан ГЭСинин ишке берилиши өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана электр энергиясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө олуттуу салым кошору күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар