Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев БАЭ делегациясы менен кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулады

Адылбек Касымалиев БАЭ делегациясы менен кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулады

Бүгүн, 9-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев туризм, авиакаттамдар жана соода чөйрөсүндө кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн БАЭ делегациясын кабыл алды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев БАЭ Жакынкы Чыгыш аймагында маанилүү экономикалык өнөктөш экенин баса белгилеп, Кыргызстандын өз ара пайдалуу багыттар боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы БАЭнин делегациясына жана “Air Arabia” авиакомпаниясынын жетекчилигине үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын жарандарын БАЭден эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү, авиакаттамдардын географиясын кеңейтүү жана өлкөнүн масштабдуу долбоорлоруна инвесторлорду тартуу боюнча чараларды көрүүгө макулдашышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар