Башкы беткеКоомМедициналык калдыктарды ташууга жаңы атайын унаалар пайдаланууга берилди

Медициналык калдыктарды ташууга жаңы атайын унаалар пайдаланууга берилди

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына медициналык калдыктарды коопсуз ташуу үчүн 10 даана атайын автотранспорт тапшырды.

Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, техника Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында гранттык каражаттардын эсебинен сатылып алынган.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов медициналык калдыктарды коопсуз башкаруу заманбап саламаттык сактоо системасынын маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, ал калктын, медицина кызматкерлеринин жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугу менен түздөн-түз байланыштуу экенин айтты.

Жаңы алынган FOTON үлгүсүндөгү унаалар медициналык калдыктарды гана ташууга арналган жана санитардык-биологиялык коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берет. Алар герметикалык кузов, муздаткыч жабдуу, гидравликалык жүктөө платформасы, контейнерлерди бекитүү системасы, “Медициналык калдыктар” деген атайын белги жана биологиялык коркунуч белгиси менен жабдылган.

Мындан тышкары, унаалар ички дезинфекциялоо системасы менен камсыздалып, ташуу учурунда кошумча санитардык коопсуздукту камсыз кылат.

Атайын техника Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы медициналык калдыктарды чогултуу жана ташуу боюнча аймактык борборлор катары аныкталган он саламаттык сактоо уюмуна берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар