Башкы беткеКоомОкумуштуулар жүрөк үчүн пайдалуу жаңы азыктарды атады

Окумуштуулар жүрөк үчүн пайдалуу жаңы азыктарды атады

Окумуштуулар жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун азайтууда мөмө-жемиштерди көп жегенден көрө, алардын туура түрүн тандоо маанилүү экенин аныкташты.

Food & Function журналына жарыяланган жаңы изилдөөдө Улуу Британия жана АКШдан 30 миңден ашуун адамдын маалыматтары талданган. Изилдөөнүн жыйынтыгында күнүнө беш порция мөмө-жемиш жана жашылча жеген адамдардын көбү организм үчүн маанилүү болгон флаванол затын жетиштүү өлчөмдө ала албасы белгилүү болгон.

Флаванолдор — өсүмдүктөрдүн курамындагы антиоксиданттык касиетке ээ табигый кошулмалар. Адистердин айтымында, күнүнө 500 миллиграмм флаванол колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болуу коркунучун олуттуу төмөндөтөт.

Изилдөөчүлөр флаванолдорго эң бай азыктар катары төмөнкүлөрдү аташты:

Кара өрүк;
Мүкжидек (клюква);
Кара бүлдүркөн (ежевика);
Көк чай;
Фава буурчагы;
Алча;
Кабыгы менен жеген алма;
Кулпунай;
Көк мөмө (черника);
Пинто буурчагы.

Окумуштуулардын белгилешинче, бир алма, бир ууч кара бүлдүркөн же бир чыны көк чай организмдеги пайдалуу флаванолдордун көлөмүн кыйла көбөйтө алат.

Адистер сергек жашоо үчүн мөмө-жемиштердин санын гана эмес, алардын пайдалуу заттарга бай түрлөрүн тандоо да маанилүү экенин белгилешүүдө. ушул маалыматка ылайыктап фото жасачы сөзү жок

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар