10-июнда Улуттук илимдер академиясында улуу жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган «Ысык-Көл форумунун жаңырыгы: XXI кылым жана аалам проблемалары» аттуу эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Ч.Айтматов атындагы адабият институту билдирди.
Маалыматка ылайык, анын алкагында бир катар китептердин бет ачары болот.
Алар:
– Ысык-Көл форумунун материалдарын камтыган «Ысык-Көл форуму: глобалдык тынчтык жолунда (1986–2026)» аттуу жыйнак;
– Жазуучунун чыгармачылыгына арналган түрк, француз, немис, англис, корей жана кытай тилдериндеги изилдөөлөрдүн кыргыз жана орус тилдерине которулган варианттарынан түзүлгөн «Айтматов дүйнө айдыңында» аттуу китептер сериясы (6 китеп);
– Президент С.Н. Жапаровдун баш сөзү менен Ысык-Көл форумуна келген меймандар үчүн кайрадан басылып чыккан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын орус тилиндеги 12 томдук жыйнагы.
Уюштуруучулар белгилегендей, иш-чаранын негизги максаты — Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы аркылуу глобалдык тынчтык, маданий диалог жана адамзаттын биримдиги идеяларын даңазалоо. Ошондой эле бул эмгектер жазуучунун 100 жылдык мааракесине карата даярдыктын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Мындан тышкары, быйыл негизделгенине 40 жыл толуп жаткан Ысык-Көл форумунун тарыхый жана интеллектуалдык мурасына өзгөчө көңүл бурулат.



