Өкмөт мамлекеттик гимндин текстин жана музыкасын жаңылоо боюнча ачык сынак өткөрүүдөн баш тартып, чыгарманы мамлекеттик тапшырыктын негизинде даярдоо чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин 9-июндагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, гимндин жаңы редакциясын даярдоо үчүн Маданият министрлиги чыгармачыл союздарга жана авторлорго текст менен музыканы өз-өзүнчө жаздыруу боюнча түз мамлекеттик тапшырык берет.
Буга чейин гимндин жаңы текстин жана музыкасын тандоо боюнча комиссия 1-июнга чейин парламентке үч мыкты вариантты сунушташы керек болчу. Бирок талаптарга жооп берген вариант аныкталбагандыктан, комиссиянын иш мөөнөтү 1-декабрга чейин узартылган.
Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси 2024-жылы көтөрүлгөн. Кийинчерээк бул сунушту президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символдорду жаңылоо маселеси талкууга алынган.
Гимнди жаңылоо боюнча жарыяланган сынакка жалпысынан 900гө жакын долбоор келип түшкөн. Алардын ичинен тандалган үч вариант Жогорку Кеңешке сунушталган, бирок парламент 29-январдагы жыйында алардын баарын четке каккан.



