Башкы беткеМаданиятКМШ форумунун алкагында Жаштар симфониялык оркестринин концерти өттү

КМШ форумунун алкагында Жаштар симфониялык оркестринин концерти өттү

КМШ өлкөлөрүнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган форумдун алкагында КМШнын Жаштар симфониялык оркестринин концерти болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтен белгилешкендей, концертке Маданият министри Мирбек Мамбеталиев, коомдук ишмер Роза Айтматова, форумдун катышуучулары, маданият өкүлдөрү жана борбор калаанын тургундары катышты.

“Кечеде КМШ мамлекеттеринен келген таланттуу жаш музыканттар дүйнөлүк жана классикалык музыкалык чыгармаларды аткарып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги өнөр тартуулашты. Оркестрдин аткаруусундагы чыгармалар көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, узакка созулган кол чабуулар менен коштолду”, –  деп айтылат маалыматта.

Жаштар симфониялык оркестринин концерти мамлекеттер аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого, жаш таланттарды колдоого жана элдердин ортосундагы достук байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү маданий иш-чаралардын бири болду.

Концерт КМШ өлкөлөрүнүн жаш музыканттарынын чыгармачылык дараметин көрсөтүп, маданий алакаларды мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн өзгөчө музыкалык кечеге айланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар