Башкы беткеЭкономикаКыргызстанда өсүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүү боюнча адистер даярдалууда

Кыргызстанда өсүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүү боюнча адистер даярдалууда

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Президенттин алдындагы Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен өсүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүү боюнча мастер-пландоо багытында адистерди окутуу иштери башталды.

9-июнда башталган окуу курсуна Манас, Нарын, Өзгөн, Ош, Кант, Баткен жана Каракол шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү катышууда. Алар шаарларды жана аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган мастер-пландарды даярдоо боюнча билим алышат.

Окутуунун негизинде Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан бекитилген өсүүнүн таяныч борборлорун мастер-пландоо методологиясы колдонулууда. Бул документ БУУӨПтүн эксперттик колдоосу менен иштелип чыгып, шаарлардын жана калктуу конуштардын өнүгүү стратегияларын түзүүгө багытталган.

Методология заманбап шаар куруу жана аймактык өнүктүрүү принциптерине негизделип, коомчулуктун жана бизнестин катышуусун камсыздоону, ишенимдүү маалыматтарга таянууну жана инвестицияларды тартууну көздөйт.

Адистердин айтымында, мындай мастер-пландар аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүгө, мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартууга, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын ишин натыйжалуу координациялоого жардам берет.

Окутуу курсунун жыйынтыгында катышуучулар өз шаарлары үчүн өсүүнүн таяныч борборлорун өнүктүрүүгө багытталган мастер-пландардын алгачкы долбоорлорун даярдашат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар